Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАРА КИЙҮҮ — аза күтүү салты. Күйөөсү же башка тууганы каза болгон аял кара түстөгү кийим кийип, чачын жайып, башына кара жоолук салынып жүрүшү аза күтүү белгисин билдирет. К. к. көбүн эсе күйөөсү өлгөндөргө карата айтылат. Элдик оозеки чыгармаларга, этнографиялык эски материалдарга караганда илгери кара кийген, өлгөн эринин кебетесин элестеткен сөлөкөт (тул) жасап, ага анын чапанын жаап, баш кийимин үстүнө коюп, көшөгө тартып, аза күтүп ыйлаган. «Манас» эпосунда да кара кийген, каралуу же кара жамынган, тул калган, кара элечек болгон деген сөздөр К. к. менен бирдей маанини билдирет: «Айкөлгө тулду тарттырып, Кыз Сайкал келип түштү дейт, Асемин журттан арттырып, Кара кийип, кан жутуп, Кабыланга аза күттү дейт» (Курама варианты, 1. 303). «Ошондо кайран катын Каныкей, Кандуу бети жыртылуу, Кара чачы жайылуу Калдайган кара башында» (Курама варианты, 1. 307), к. Тул.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кара жоолук салынып, кара кийим кийип аза күтүү. Мен жыйырма тогузумда кара кийингемин (Медетов). Жалгыз бой калган Зейнеп кара кийип, бир аз отурган соң, жан багыштын аракетинде баласын колдон жетелеп алып тамчыларга кошулган болчу (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аза күтүү. 2. Күйөөсү өлгөн аялдын кара жоолук салынып, кара кийим кийип аза күтүү. Мен жыйырма тогузумда кара кийингемин (Медетов). Жалгыз бой калган Зейнеп кара кийип бир аз отурган соң, жан багыштын аракетинде баласын колдон жетелеп алып тамчыларга кошулган болчу (Айтматов). 3. өт. Мүшкүл, оор кайгы, оор. Кара кийген тулдарын («Манас» С. О.).